Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өкмөттөн армян, абхаз номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн жылдын аягына чейин узартууну өтүндү.
"Министрлер кабинети 30-октябрда токтом кабыл алып, мыйзамдаштыруу боюнча чечим чыгарган. Ошондо тийиштүү органдан 15-20 миңге жакын оң рулдуу унаалар бар деп билдиришкен. Бүгүнкү күндө 10 миң унаа мыйзамдаштырылыптыр. Дагы 5 миңдей калыптыр. Эми оор деле иш болбогондон кийин мыйзамдаштырууну жылдын аягына жылдырсак",- деди ал.