Нарын шаарында жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-августта милиция жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактысын каттоого алган. Шектүү делген шаар тургуну жашы жете элек кыз менен интернет аркылуу таанышып, 28-август күнү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы аныкталган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү соттун чечими менен 4-ноябрга чейин камакка алынды.