Токмокто Subaru үлгүсүндөгү унаа даракты сүзүп, анын 20 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен.
Ал кырсык болгон жеринен каза болгон. Ал эми эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген.