Биз социалдык тармакта

Медицина кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү мерчемделип жатканы айтылды (видео)

Өлкөдө медицина кызматкерлеринин маянасы 2026-жылы дагы 50 пайызга жогорулатуу пландалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-сентябрдагы жыйынында айтты.

"Жыл сайын медицина кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп жатат. Каржы министри менен сүйлөшкөндө 2026-жылга дагы пландаштырылган. Ага ылайык, 50 пайызга жогорулатуу мерчемделип жатат. Жакында эле кенже тейлөөчү кызматкерлердин маянасы көбөйтүлдү.

Айлык-маянын көбөйтүү - биздин приоритеттердин бири. Медкызматкерлердин айлыгы аябай аз. Муну акырындык менен көтөрөбүз",- деп билдирди министр.

Бүгүнкү жыйында "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.


11.09.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан