Бишкектеги "Асман", "Мейкин", "Сый Ордо", "Ата", "Ак булут" жана "Ак Сарай" банкеттик залдарынын кожоюну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирип, бул объекттер "кызыл сызыкты" сактоо боюнча шаар куруу эрежелерин бузгандыгы себеп экендигин кошумчалады.
Кошумчалангандай, ресторандардын аянтын өзүм билемдик менен көбөйтүп, коммерциялык объекттеринин капиталдык бөлүктөрүн ижарага алынган муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган реторандардын ээси С.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.