"Ысык-Ата" санаторийинде 26 жаштагы кызды туулган күнүндө ур-токмокко алган деген шек менен 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 18-августта саат 20:35 чамасында болгон. Жабырлануучу арыз жазган соң ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) негизинде кылмыш иш козголгон. Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.