
Республиканын аймактарында акыркы суткада, 11-сентябрда 31 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 күжүрмөн эсеп тартылды.
ӨКМ тараткан билдирүүгө таянсак, Бишкек шаарында 6, Ош облусунда 5, Чүйдө 8, Баткенде 1, Жалал-Абад облусунда 9, Нарында 1, Ысык-Көлдө 1 өрт кырсыгы болду.
Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматы жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.