15-20-сентябрда ордолуу Ош шаарында XIII республикалык театр фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу драмалык жана музыкалык-драмалык профессионал театрлар катышат.
Министрликтен билдиришкендей, фестиваль шаардын тургундарына жана конокторуна жылуу маанай тартуулап, маданият жана искусство ишмерлерине чыгармачылык эргүү берет. Ошондой эле иш-чарага катышуу акысыз.
"Жергиликтүү тургундарды жана конокторду фестивалдын спектаклдерине көрөрман катары катышып, таланттуу театр коллективдерине колдоо көрсөтүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.