Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Хорватияда өтүп жаткан дүйнөлүк күрөш боюнча чемпиондуктун чейрек финалына чыкты.
Ал эркин күрөш боюнча турнирде 61 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштаган.
Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Йемендин өкүлү менен килемге чыгып, биринчи бөлүктө эле туше ыкмасы менен жеңишке жетти.
1/8 финалда Жумашбек уулу 2023-жылдагы Азия чемпиону (U-20) индиялык Удит менен беттешип, таймашты 2:0 эсебинде жеңип алды.
Муну менен кыргызстандык спортчу 1/4 финалга чыгып, эми америкалык балбан Жаксен Патрик Форрест менен күч сынашат.
Буга чейин Эрназар Акматалиев 1/8 финалда жапон балбанына утулса, Мухаммад Абдуллаев алгачкы беттешинде ирандык атаандашына жеңилип калган.