Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшөт.
Ал 70 килограмм салмак ченинде күч сынашууда.
Кечээ, 13-сентябрда биринчи кармашта кыргызстандык балбан Чилиден келген атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңди. Бирок кийинки айлампада жапон балбаны Йосиносукэ Аоягиге 0:11 эсебинде утулуп калды.
Жапониялык балбан финалга чыккандыктан, Акматалиевге коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилди.
Бүгүн, 14-сентябрда көңүл жубатуучу таймаштын биринчи раундунда Акматалиев венгриялык Исмаил Мусукаев менен беттешти. Эске салсак, Париж Олимпиадасында Акматалиев ага утулуп калган болчу. Бул ирет аны 14:4 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Эми финалдык бөлүктө Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен коло медаль үчүн килемге чыгат. Беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.