Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Хорватияда (Загреб шаары) өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчу 70 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Кыргыз балбаны 1/16 финалдык айлампада Чилиден келген Хорхе Хинриксенди 10:0 эсебинде утту. Ал эми 1/4 финалга чыгуу үчүн болгон беттеште жапон балбаны Ёшиносуке Аоягиге 0:10 эсебинде утулуп калды. Аягында жапон спортчусу финалга чыккандыктан, Эрназарга көңүл жубатуучу таймашта 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.