
Дене тарбия жана спорт мамлекттик агенттиги билдиргендей, кыргыз балбаны
Бекзат Алмаз уулу Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
Мелдеште балбан 57 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Спортчу финалга чыгуу үчүн болгон беттеште өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 8:0 эсебинде утуп, реванш алды.
Финалда Бекзат Алмаз уулу 1-орун үчүн Түндүк Кореянын балбаны Чонгсон Хан менен кармашат.