Биз социалдык тармакта

Балбак Түлөбаев: "Акылбек Жапаров кетти, өкмөттө мобилдүүлүк жоголду" (видео)

Депутат Балбак Түлөбаев өкмөттү ичүүчү суу, сугат суу көйгөйлөрүн чече албай жатканын айтып сынга алды.

Ал бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында өкмөттө мобилдүүлүк жок болуп жатканын белгиледи.

"Мактанасыңар, "өкмөт мобилдүү иштеп жатат" деп, биз мактайбыз. Бирок мобилдүү иштеген жоксуңар. Жайбаракат жыргап жатасыңар. Акылбек Үсөнбекович (ред.: мурдагы өкмөт башчы) кетти, мобилдүүлүк жоголду. Мен муну силерге ачык эле айтып коёюн. Кээде Акылбек Үсөнбековичти жамандап коёбуз, ал аябай мобилдүү иштечү",- деди эл өкүлү.

Балбак Түлөбаев: "Акылбек Жапаров кетти, өкмөттө мобилдүүлүк жоголду"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан