Бишкекте жаш баланы унаа тебелеп кете жаздаган кырсык видеокамерага түшүп калган.
Окуя 13-сентябрда Кызыл-Аскер кичи районунда орун алды. Тараган тасмада KIA үлгүсүндөгү унаа арты менен бара жатып, кичинекей баланы сүзүп алганын көрүүгө болот. Айдоочу бала ордунан туруп кеткенин көргөн соң, токтобой жолун улаган.
Патрулдук милициянын билдирүүсүнө караганда, учурда айдоочу изделүүдө. Беш жаштагы баланын ата-энеси укук коргоо органдарына арыз жазышкан.