Депутат Балбак Түлөбаев Эсеп палатасын реформалоого убакыт келгенин айтты.
Ал бүгүн, 15-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Эсеп палатасы эски метод менен иштеп жатканын белгиледи.
"Эсеп палатасын башынан аягына чейин реформалоо керек. Анткени Эсеп палатасы эски методология менен бюджеттен 20 миллиард желип кетти деп берип жатат. Азыркы мыйзам боюнча, ким жесе аны эки эселеп кусат. Мамлекттик бюджетте уурдоо деген жоголгон. Эгер уурдагандар болсо, анда УКМК баары бир түбүнө жетет", - деди эл өкүлү.