Кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу Хорватияда күрөш боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту. Анын атаандашы түндүк кореялык Чонг Сонг Хан 12:9 эсебинде беттешти жыйынтыктап, биринчиликти алып кетти.
Бекзат эркин күрөш боюнча 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Балбан алгачкы беттешинде канадалык Гаррет Остин Сандерсти мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсебинде жеңсе, 1/8 финалда япониялык Рин Сакамотону утту. Чейрек финалда Македониянын балбаны Владимир Егоровду 16:5 эсебинде дагы мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.