Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда контейнерден куралган үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик өрттү өчүрүүгө саат 08:40та 1 бөлүм тартылганын, кошумча дагы 1 бөлүм саат 08:49да жөнөтүлгөнүн белгиледи. ӨКМ болжол менен үйдүн 300 чарчы метр аянты күйүп жатканын маалымдап, кошумча маалымат берилерин билдирди.