Биз социалдык тармакта

Милиция күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган актриса тууралуу маалымат берди

Бишкектин Свердлов райондук милициясы күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылганын айткан актриса Роза Азимбаева тууралуу маалымат берди.

Райондук милиция аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын белгиледи. Свердлов РИИБине милиция кызматкерлери тарабынан актриса жана анын 42 жаштагы жолдошу жеткирилген.

Учурда ден соолукка келтирилген зыянды аныктоо үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалууда.

Буга чейин калың элге "Министрдин кызынын махабаты" тасмасындагы Зинанын ролу аркылуу таанылган белгилүү актриса Роза Азимбаева жолдошу тарабынан зомбулукка кабылганын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан