Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты. Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.

Айпери таймашты 1/8 финалдан баштап, анда түркиялык Элмира Ясинди 10:0 эсебинде таза жеңип, кийинки айлампага өттү. Чейрек финалда балбан кыз АКШнын Панамерика чемпиону Кэйли Рене Уэлкер менен беттешип, аны да ишенимдүү түрдө 8:3 эсебинде жеңип алды.

Медет кызы жарым финалда Европанын учурдагы чемпиону украиналык Анастасия Алпеева менен беттешмекчи. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан