Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы финалда

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Ал жарым финалда Европанын учурдагы чемпиону украиналык Анастасия Алпеева менен беттешип, 10:5 эсебинде жеңишти жулуп кетти.

Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.

Айпери таймашты 1/8 финалдан баштап, анда түркиялык Элмира Ясинди 10:0 эсебинде таза жеңип, кийинки айлампага өттү. Чейрек финалда балбан кыз АКШнын Панамерика чемпиону Кэйли Рене Уэлкер менен беттешип, аны да ишенимдүү түрдө 8:3 эсебинде жеңип алды.

Кыргыз балбан кызы финалдык беттешти эквадорлук Генесис Росангела Валдезге каршы өткөрөт. Беттеш 17-сентябрда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан