Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча бир айлык жарыяланды 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча” бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бир айлыктын алкагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында өлкө аймагында куткаруучулар жарандык коргонуу кызматтары менен тыгыз кызматташтыкта иштеп, кыргызстандыктарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырык жасайт.
Бул күндөрү атайын жүрүштөр уюштурулуп, бардык ишканаларда, билим берүү жана башка мекемелеринде табигый жана техногендик кырдаалдар катталганда жарандар өзүн алып жүрүүнү, коопсуздук эрежелерин сактоону камтыган машыгуулар, иш-чаралар байма-бай өткөрүлмөкчү.
Ал эми Кыргызстандын орто мектептеринде “Жаш куткаруучу”, “Жаш инспектор” сынактары өткөрүлүп, окуучулар кырсыктардын алдын алуу билимдерин чыңдап, тажрыйба жүзүндө көрсөтүшөт.
Иш-чаранын негизги максаты – кырсыктардын алдын алуу, тобокелдиктерди азайтуунун натыйжаларын коомчулукка жеткирүү болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан