Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Мээрим Жуманазарова жана Нурзат Нуртаева таймашка чыгат

Бүгүн, 17-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын намысын Мээрим Жуманазарова жана Нурзат Нуртаева коргойт.

Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак ченинде, ал эми Нурзат Нуртаева 59 килограмм салмак категориясында килемге чыгышат. Эки балбан тең таймашты 1/8 финалдан башташат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча түштөн кийин башталышы күтүлүүдө.

2024-жылкы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мээрим Жуманазарованын алгачкы атаандашы азырынча тактала элек. Ал эми 2025-жылдагы Азия чемпиону (U-23) Нурзат Нуртаева Казакстандын балбаны Жамеля Бакбергенова менен беттешет.

Эскерте кетсек, ушул эле күнү кыргызстандык Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы үчүн күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан