Кечээ, 16-сентябрда Нарын облусунун башчысынын орун басары Айдана Иманалиеванын катышуусунда Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылында Жумгалбек Солтонкулов атындагы кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу аталган облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Борбор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык колдоо долбоорунун алкагында 827 миң сомго каржыланып, имарат капиталдык оңдоодон өтүп, кызматкерлердин айлык акысы камсыздалды. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен кошумча оңдоо жүргүзүлүп, айыл тургундары жана демөөрчүлөр да колдоо көрсөтүштү.
Кризистик борбордун негизги максаты - турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына эрте кийлигишүү жана социалдык колдоо кызматтарын көрсөтүү болуп саналат.