Биз социалдык тармакта

Эрулан Кокулов депутаттар элди алдап жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов айрым кесиптештери элди алдап жатканын айтты.

Ал кээ бир эл өкүлдөрүн аткаруу бийлиги жасаган иштерди өздөрү аткаргандай түр көрсөтүп жатат деп айыптады.

"Бийликте үч бутак бар. Бизде социалдык объекттерди, жолдорду, мектептерди ким салат? Буларды аткаруу бийлиги салат да, туурабы? Менин айрым кесиптештерим "биз мектеп, бала бакча салдык" деп элди алдайт экен",- деди Кокулов.

Эрулан Кокулов депутаттар элди алдап жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан