Депутат Акбөкөн Таштанбеков президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Кант шаарынын мэрине аманатын жеткирип коюуну суранды.
Ал бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кант шаарындагы социалдык объекттерди мамлекетке каттоодо мэр кол койбой жатканын айтты.
"Мэр тырышып, кимдин кызыкчылыгын коргоп жатат? Сизден суранарым, ошол мэрге барып, жакынкы 20 жылда бүгүнкү бийлик кетпейт деп айтып койгулачы. Эч кимден коркпосун, күтпөсүн. Анан бул Чүйдүн губернатору иштейби? Губернатор иштей албаса бир Ички иштер министрлигине алып барып, орун басарбы же бир нерсе кылып койгулачы? Чүй жүдөп калды",- деди ал.