Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова чоң спортко кайтууга даяр экенин билдирди. Ал Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда журналисттердин бирине маек берип жатып айтып өттү.
Балбан кыз спортту, айрыкча күрөш килемин сагынганын жана кийинки жылдан баштап кайрадан мелдештерге чыгууну пландап жатканын билдирди.
"Көпчүлүк күрөш күйөрмандарын түйшөлткөн суроого жооп берип кетким келет. Ооба, мен чынында эле кайткым келет. Буюрса, кийинки жылдан баштап акырындап баштайм. Жолдошум каршы эмес, анткени бизди күрөш табыштырган", - деди Тыныбекова.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова турмуш жолуна аттангандан кийин спортто тыныгуу жарыялаган.