Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Мээрим Жуманазарова кытайлык атаандашы Жиа Лонгго 1:4 эсебинде утулуп калды.
Турнирге 68 килограмм салмак ченинде катышып жаткан Жуманазарова алгачкы атаандашын ири эсеп менен жеңген болчу.
Ал эми 72 килограммдык салмак ченинде килемге чыккан Нурзат Нуртаева жарым финалга жолдомо алды. Ал чейрек финалда америкалык Александрия Глад менен күрөшүп, 8:4 эсебинде утуп алды.