Абактагы Тилекмат Куреновдун абалы айтылды (видео)

Тергөө абагындагы жарандык активист Тилекмат Куреновдун (Кудайберген уулу) абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-сентябрда анын жактоочусу Айбек Турдуев билдирди.

Адвокаттын маалыматына ылайык, учурда Куренов Бишкектеги №21 тергөө абагында (ред.: эл арасында СИЗО №1 деп айтылып келет) кармалып жатат.

Учурда Бишкектин Ленин райондук сотунда Куреновдун бөгөт чарасы каралууда.

Эске салсак, ал БАЭден кармалып, 19-апрелде өлкөгө жеткирилген. Аны 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алган.

УКМК май айында Куреновдун сотко аксап, таякчан келген себебин анын өнөкөт омуртка оорусу (грыжа) менен байланыштырган. Социалдык тармактарда анын ур-токмокко алынганы тууралуу жоромолдорду жокко чыгарган. Куреновдун жактоочусу айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына анын өнөкөт омуртка оорусу бар экенин билдирген.



Ленин райондук соту 17.09.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан