Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Нурзат Нуртаева жарым финалда жеңилүү ызасын татып калды. Кыргыз балбан кызы украиналык Алла Белинскаяга каршы күрөшүп, 11:6 эсебинде жеңишти колдон чыгарды.
Нуртаева 72 килограммдык салмак ченинде крөшүп жатат.
Ал чейрек финалда америкалык Александрия Глад менен күрөшүп, 8:4 эсебинде утуп алды. Алгач спортчу айым казакстандык Жамиля Бакбергенованы жеңип, чейрек финалга жолдомо алган болчу.
Эми Нуртаева коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы азырынча тактала элек. Таймаш эртең, 18-сентябрда өтөт.