Мээрим Жуманазарова медаль үчүн күрөштү токтотту

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда медаль алуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.

Спортчу 68 килограммдык салмак ченинде күч сынашты. Ал биринчи айлампада америкалык Анисета Мина Ваа Акостаны 10:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Бирок 1/4 финалда кытайлык Жиа Лонгдон 1:4 эсебинде утулуп, жарым финалга жолдомо ала албай калды.

Андан соң кытайлык спортчу да жарым финалда жеңилип калгандыктан, Жуманазарова кайра күрөшүүгө мүмкүнчүлүк албай, мелдешти ушул баскычта жыйынтыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан