Баракелде! Айпери Медет кызы күмүш медаль жеңди (видео)

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда эквадорлук Генесис Росангела Валдезден 2:4 эсебинде жеңилип, күмүш медаль утту.

Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Айпери таймашты 1/8 финалдан баштап, анда түркиялык Элмира Ясинди 10:0 эсебинде таза жеңип, кийинки айлампага өттү. Чейрек финалда балбан кыз АКШнын Панамерика чемпиону Кэйли Рене Уэлкер менен беттешип, аны да ишенимдүү түрдө 8:3 эсебинде жеңип алды. Ал эми жарым финалда Европанын учурдагы чемпиону украиналык Анастасия Алпеева менен беттешип, 10:5 эсебинде жеңишти жулуп кетти.

Айпери Медет кызы күмүш медаль жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан