Биз социалдык тармакта

Сокулукта акимдин орун басары кармалды

Сокулук районунун акиминин орун басары С.Р. коррупция фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы бүгүн, 18-сентябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, айыл чарба багытындагы ири жер ээликтери мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдарынын түздөн-түз көмөгү менен 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз түрдө жеке турак жай курулушуна арналган жерлерге которуп, андан ары жарандарга сатып келишкен.
"Ошондой эле ири жер ээлери бир эле жер тилкелерин бир нече жаранга сатып, натыйжада жарандар акчасыз жана үй-жай курууга абдан зарыл болгон жер тилкелерсиз калышкандыгы аныкталды", - деди мекемеден.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында буга чейин ири жер ээлери болуп саналган 5 жаран (К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А.) кармалган.
Ушул жылдын 16-сентябрында аталган кылмышты жасоого шектелип 1983-жылы туулган Сокулук районунун акиминин орун басары С.Р. кармалды.
Кылмыш иши боюнча ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүрүп жатат, башка адамдардын да кылмыштуу аракеттерге тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан