Биз социалдык тармакта

Депутат акыйкатчыга: "Үй-бүлөлүк зомбулукка эмне себеп болууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттин бүгүн, 18-сентябрдагы жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевадан үй-бүлөлүк зомбулуктардын себебин сурады.

"Өзүңүз дагы айттыңыз, акыркы жылдары, (2024-2025-жылдары) зомбулуктар, айрыкча үй-бүлөлүк зомбулуктар көбөйүп жатат. Эмне себеп деп ойлойсуз? Кандай баа бересиз?" - деген собол салды эл өкүлү.

Акыйкатчынын айтымында, буга укуктук сабаттуулуктун жетишсиздиги себеп болууда.

"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук – латенттик формадагы (жашыруун мүнөздө) зомбулук. Бүгүнкү күнү медиа мейкиндигинде чагылдырылып тургандыктан, бизге кайрылуулар көбөйүп жатат.

Буга чейин дагы айтып өткөндөй, укуктук сабаттуулук керек", - деди Жаманбаева.

Акыйкатчы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан