Депутат Акбөкөн Таштанбеков президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовду мактаганы үчүн коомчулуктун сынына кабылганын билдирди.
Ал бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевга кайрылып жатып, аны ошол себептен мактай албастыгын айтты.
"Кечээ Алмас мырзаны мактап койсом "пахта, сахта" дешти. Бир гана сиз которуп бере турчу сөз бар экен. "Гангир" дегенге түшүнбөй койдум, бирөө комментарийге ушинтип жазып коюптур. Эми сизди мактабай эле коёюн, анан экөөбүз да интернетке жайылбайлык", - деди Таштанбеков.