Биз социалдык тармакта

Президенттен сөгүш алган Оштун мэри эми унаа белекке алдыбы? (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге президент унаа белек кылганы айтылууда. Бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары муну калаа мэриясынан да тастыктаганын жазышты.

Токторбаевге унаа ал кечээ, 17-сентябрда Бишкекке иш сапары менен келгенде жеке өзүнө берилген.

Социалдык тармактарга тараган видеодогу унаа Lixiang L9 үлгүсүндө экенин көрүүгө болот. Анын болжолдуу базар баасы 50 миң доллардын тегерегинде.

Эске салсак, 16-сентябрда президент Токторбаевге катуу сөгүш берген. Ош шаарынын мэри мындан мурун да өлкө башчыдан унаа белекке алган. Анын ачкычын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырган.

Ош шаарынын мэрине президент унаа белек кылганы айтылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан