Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринин короосуна жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Чүй ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-январь күнү саат 20:30да Кашка-Суу айылынын тургунунун короосуна жаңы төрөлгөн ымыркай кызды таштап кеткен. Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери келген.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ымыркай төшөккө оролгон. Ымыркайды дарыгерлер карап, анын ден соолугу жакшы экенин айтышты.