Ош шаарындагы Кең-Сай массивине суу берилгенден соң бүгүн, 18-сентябрда электр энергиясы да бериле тургандыгы маалым болду.
Мэриянын басма сөз кызматы Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин аракетинин ишке ашканын билдирди.
"6300 киловатт болгон жаңы трансформатор алынып келинип, орнотулду. Элге кенен электр энергиясын берет", - деп камтылган маалыматта.
Айта кетсек, күн мурун аталган аймакка суу берүү үчүн кампа толтурулган.