Өлкө кубогун "Дордой" клубу 11-ирет утту

Бүгүн, 18-сентябрда Кара-Суу шаарынын "Манас" стадионунун ачылышын улай футбол боюнча Кыргызстан кубогунун финалы орун алды. Бул тууралуу КФБ билдирди.
Анда Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" жана Бишкектин "Дордой" клубу кез келди. Беттеш "Дордой" клубунун 2:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Беттештин мыкты оюнчусу болуп Владислав Кобылянский таанылды.
Оюндан кийин командаларды сыйлоо аземи орун алып, беттештин расмий өкүлдөрүнө жана командаларга медалдарды жана кубокту өлкө президенти Садыр Жапаров тапшырды.
Ошентип борбор калаанын "Дордой" клубу он биринчи ирет өлкө кубогунун ээси болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан