Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарындагы массалык мушташ боюнча милиция үн катты (видео)

Жалал-Абад шаарындагы “Токтогул” эс алуу багында тойдо жүргөн топ балдардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Окуя 10-cентябрда болгонун Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-сентябрда билдирди.

Аталган факты ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жалпы 17 жаран тергөө кызматына жеткирилип, жыйынтыгында бири-бирине арыз-доосу жок экендигин билдиришти. Анын негизинде алар арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.

Жалал-Абад шаарында массалык мушташ боюнча милиция үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан