Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Нурзат Нуртаева коло байге ээси болду.
72 килограммдык салмак ченинде күч сынашкан Нуртаева коло үчүн франциялык Полин Лекарпантье менен күрөшүп, 5:0 эсебинде жеңип алды. Спортчу айым турнирде алгач казакстандык Жамиля Бакбергенованы жеңип, чейрек финалга жолдомо алган. Чейрек финалда америкалык Александрия Гладды 8:4 эсебинде утуп, жарым финалда украиналык Алла Белинскаяга жеңилип калган.
Муну менен Нурзат Нуртаева Дүйнө биринчилигинен коло байге уткан кыз-келиндер күрөшүндөгү үчүнчү кыргызстандык болуп калды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы, Айпери Медет кызы 2021-жылы коло медалга ээ болгон.