Биринчи Май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу, юстициянын капитаны жемкорлукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жарандан алимент өндүрүү маселесин чечип берүү үчүн талап кылып жаткан 35 миң сомду алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүү тарабынан мыйзамсыз иш алып баруусу мүмкүн болгон башка фактылар текшерилүүдө.