Биз социалдык тармакта

Урмат Самаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту

Кечээ, 18-сентябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай экономикалык, инвестициялык жана инфраструктуралык кызматташтыкты талкуулап, Жалал-Абад облусунун стратегиялык маанисине, аймактар аралык долбоорлорго, транспорт жана логистика, тоо-кен, туризм, айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү маселелерине токтолушту. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунда жергиликтүү маанидеги маселелердин ыкчам чечилиши долбоордун алдыга жылышына жана курулуш динамикасына оң таасир этип жатканын белгилешти.
Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаевдин демилгеси менен Жалал-Абад облусунда жаштардын кытай тилин үйрөнүүгө шарт түзүлүп жатканы, ага катар Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде атайын темир жол адистерин даярдоо иштери башталганы маалымдалды.
Тараптар кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө жана Кытайдын аймактары менен Жалал-Абад облусунун өз ара байланышын жакшыртууга даяр экенин билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан