Бүгүн, 19-сентябрда "Яндекс Кыргызстан" компаниясынын жетекчилиги маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда компаниянын кызматтарынын артыкчылыктары жана жетишкендиктери тууралуу кеңири сөз болду.
Анда SUPER.KG порталы тиркемеге майыптыгы бар адамдардын ыңгайы үчүн атайын функция барбы деген суроо узатты. Компаниянын жетекчиси Тилек Сулайманов мындай функция эки жыл мурун ишке киргизилгенин айтты. Ал белгилегендей, кардарлар буйруртма берер учурда тиркеменин "атайын мүмкүнчүлүктөр" деген бөлүмүндө угуу, сүйлөө же басуу жөндөмдөрүндө көйгөйү бар экендигин белгилей алышат.
Мындан тышкары компаниянын жетекчиси айдоочулар тиркеме аркылуу кардарларга да баалоо жүргүзө аларын кошумчалады.