Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндө егерь өзү мыйзамсыз аңчылык ылууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция менен экология кызматкерлери бирдикте анын 5 тоо текени атканын аныкташкан. Окуя болгон жерден тоо текенин баштары жана терилери табылган.
Натыйжада Жаратылыш ресурстары, экология жана климат боюнча министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкери кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.