Биз социалдык тармакта

"Тынч жашагым келет". Ташиев менен Манас Алыкуловдун сүйлөшүүсү (видео)

Тамада Манас Алыкулов социалдык тармактагы баракчасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен тамашалашкан видео жүктөдү.

Анда Ташиев алгач тамадага ырчы Бек Борбиевди жакшы тамашага салганын айтып, "бизди да тамашалап кой" дегенин угууга болот. Бирок тамада атайын кызматтын башчысына "тынч жашагым келет" деп жооп берди.

Тамада менен УКМКнын жетекчиси Бишкек шаарында жаңы ден соолукту чыңдоо комплекси жана сейил бактын ачылышына катышышкан.

Буга чейин социалдык тармактарда Алыкуловдун тойканалардын биринде Бек Борбиевди тамашага салганы тартылган видео тараган болчу.

Камчыбек Ташиев менен Манас Алыкулов тамашалашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан