Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Акыл Сулайманов алгачкы атаандашын жеңди.
60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып жаткан кыргыз балбаны 1/16 финалдык баскычта литвалык Юстас Петравичюсту дээрлик мүмкүнчүлүк бербестен утуп алды.
Айта кетсек, аталган турнирде Үзүр Жузупбеков да алгачкы атаандашын жеңип алды.