Кара-Кулжада келиндин өлүмүнө байланыштуу кармалган Бауыржан Абдумаликов камактан бошотулду

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу Бауыржан Абдумаликов өлкөдөн чыкпоо милдеттенмеси менен камактан бошотулду. Маалыматты бүгүн, 19-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Эске салсак, Абдумаликов июнь айында кармалган. Ал Кара-Кулжада күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келинге карата айыптоо сөздөрүн айткан үчүн коомчулукта талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан