Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартып калды

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Хорватияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи беттеште жеңилип калды.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 72 килограмм салмак ченинде күч сынашууда.

Турнирдеги алгачкы беттешинде Исмаилов учурдагы Азия чемпиону болгон ирандык балбан менен жолугуп, 1:10 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды.

Ирандык балбан финалга чыкса, Исмаиловго коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан