Үзүр Жусупбеков Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыга алган жок.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмак ченинде таймашка катышууда.
Кыргызстандык балбан беттешти 1/16 финалдык этаптан баштап, анда египеттик балбанды 3:2 эсебинде жеңди. Ал эми 1/8 финалда Азербайжандын балбанына утулуп калды.
Эгерде азербайжандык балбан финалга чыкса, Үзүр коло медаль үчүн утулгандар арасындагы жубатуучу беттештерге катышууга мүмкүнчүлүк алат.