
Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын Акташкороо кыдыртмасынан бугу үй жаныбарларына келип жатканын парктын егери видеого түшүрүп алган.
Бул көрүнүш парктагы биологиялык ар түрдүүлүк сакталып, жапайы жаныбарлардын жүрүм-туруму табигый нукта өнүгүп жатканын көрсөтөт. Мындай учурлар жаратылышты коргоо жана мониторинг жүргүзүү иштеринде чоң мааниге ээ.
Парк администрациясы жергиликтүү тургундарга жана конокторго жапайы жаныбарларга этият мамиле кылууну, аларга жакындабоону жана азыктандыруудан алыс болууну эскертет.